Труд мигранттары Өзбекстандан депортация үчүн кеткен чыгымдарды төлөп беришет

Өзбекстандан чыккан эмгек мигранттары мекенине депортацияланган учурда кеткен чыгымдарды республиканын бийлигине компенсация кылышат.
Бул тууралуу өлкө өкмөтүнүн алдындагы миграция агенттигинин басма сөз кызматы Telegram-каналында билдирди.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өкмөттүн токтому менен чет өлкөгө уюшкан түрдө жумушка жөнөтүлгөн, бирок барган өлкөнүн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн депортацияланган жарандарга байланыштуу чыгымдарды кайтаруу жана өндүрүп алуу тартиби бекитилди.
«Документке ылайык, эгерде депортацияланган жаран миграция фондунун эсебинен кайтарылса, анын кайтаруу чыгымдары ошол жаран тарабынан төлөнүүгө тийиш», - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Ошондой эле фонд тарабынан берилген субсидиялар жана компенсациялар да кайтарылууга тийиш. Мындан тышкары, мындай жарандарга бир жылга чейин өнүккөн өлкөлөргө уюшкан түрдө жумушка орноштуруу кызматтары көрсөтүлбөйт, деп кошумчалашты басма сөз кызматында.