Россиянын жарандыгына кабыл алуу учурунда ант берүү 14 жаштан башталат

Фото: РИА Новости/ Алексей Майшев

Бул боюнча мыйзам Мамлекеттик Думадан кабыл алынды

Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын «Жарандык жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 21 жана 37-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алды.

Баштаманын максаты - Россиянын жарандыгын алууда ант берүү милдети бар адамдардын курагын 18ден 14кө түшүрүү.

Мындан тышкары, эгер адам Россиянын жарандыгын алуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жыл ичинде ант берүүдөн баш тартса же катышпаса, анда ал чечим жараксыз деп эсептелет.

Башка жаңылыктар