Москвада мигранттар миграциялык эсепке мобилдик тиркеме аркылуу тура алышат

Фото: РИА Новости/ Илья Наймушин

ИИМдин аймактык органдарына баруунун жана кезек күтүүнүн зарылдыгы жок болуп калды - деп белгиледи Москва шаары боюнча Россия ИИМинин Башкы башкармалыгынын миграция маселелери боюнча башкармалыгынын убактылуу милдетин аткаруучу башчысы Игорь Дудник

Чет өлкөлүк жарандар эми Москвада миграциялык эсепке Россия ИИМинин аймактык органдарына барбастан, «Амина» мобилдик тиркемеси аркылуу тура алышат. Бул тууралуу Москва шаары боюнча Россия ИИМинин Башкы башкармалыгынын миграция маселелери боюнча башкармалыгынын убактылуу милдетин аткаруучу башчысы Игорь Дудник билдирди.

«Чет өлкөлүк жарандарды мобилдик тиркеме аркылуу каттоо жана эсепке алуу бир катар артыкчылыктарды берет. Биринчиден, мигранттардын өздөрүнүн убактысы үнөмдөлөт: эми аларга миграциялык эсепке туруу үчүн ИИМдин аймактык органдарына баруунун жана кезекте туруунун кереги жок» - деди ал.

Мындан тышкары, Дудниктин айтымында, «Амина» тиркемеси кабыл алуучу тараптын  батирин чет элдиктерге ижарага берген адамдардын да убактысын үнөмдөйт. «Аларга эми өздөрүндө башка мамлекеттердин жарандарын жашатканы тууралуу документ тапшыруунун кереги жок. Бардык маалыматты эми мигранттар өздөрү «Амина» аркылуу өткөрүшөт - бул алардын милдети» - деп түшүндүрдү ал.

Үчүнчүдөн, бул ыкма жарандардын кайда жүргөнүн контролдоону кыйла жеңилдетет, бул укук бузуулар пайда болгондо алардын табылышын тездетет.

Москва регионунда 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн «Амина» аттуу жаңы мобилдик тиркеме иштеп жатат. Анын негизги максаты - шаардагы коопсуздукту жогорулатуу. Тиркеме кызматкерлерге Москвага жана Москва облусуна келген эмгек мигранттарынын кайда экендиги боюнча оперативдүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Геолокация боюнча маалыматтарды берүү коопсуздукту күчөтүүгө жана айрым чет өлкөлүк жарандардын мыйзам бузууларынын алдын алууга жардам берет.

«Амина» мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө орнотуу Азербайджан, Армения, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Таджикистан, Узбекистан жана Украина жарандарын камтыйт, эгер алар Москвага жана Москва облусуна иштөө үчүн келсе. Жаңы келген чет өлкөлүк жарандар үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда «Амина» тиркемесине кошулуу жана ошол эле учурда эсепке туруу боюнча жардам көрсөтүлөт. Мындан кийин мигранттар жашаган жери (алар дайыма түнөп жана эс алган жер) жана анын өзгөрүшү тууралуу ички иштер органдарын тиркеме интерфейси аркылуу алыстан кабарлап турушат.

Башка жаңылыктар