Россияда чет элдик балдар тууралуу маалыматтарды ИИМге берүү тартиби бекитилди

Фото: РИА Новости/ Александр Кряжев

Январь айында Россия Федерациясында мигранттардын балдары тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине берүү боюнча мыйзам күчүнө кирет

Чет өлкөлүк балдар тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнүн тартиби бекитилди, тиешелүү мыйзам 2026-жылдын январында күчүнө кирет, деп айтылат Россиянын Билим берүү министрлигинин сайтында.

"2026-жылдын 28-январында Россияда 2025-жылдын 31-июлундагы No314-ФЗ Федералдык мыйзамы күчүнө кирет, бул мыйзам Орусиянын Ички иштер министрлиги менен билим берүү органдарынын ортосунда мигрант балдар тууралуу маалымат алмашууну карайт", — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандардын балдарын миграциялык каттоого тургузуу же каттоодон чыгаруу жөнүндө билим берүү башкаруу органдарына кабарлап, алардын окууга болгон муктаждыгын ыкчам аныктоого мүмкүндүк берери белгиленген.

Өз кезегинде, Россиянын Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү билим берүү органдары Россиянын Ички иштер министрлигине чет өлкөлүк жарандын ата-энесинин (анын ичинде көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилгендердин) мектепке же колледжге тапшыруу жөнүндө арызы, орус тили боюнча тесттин жыйынтыгы, ошондой эле баланын окуу жайына кабыл алынганын же окуудан чыгарылгандыгын тастыктаган маалыматтарды берет.

Маалымат алмашуу башталгандан кийин Россиянын Билим берүү министрлиги аймактык билим берүү органдарына методикалык колдоо көрсөтөт.

Башка жаңылыктар