Совет Федерация эки аймакта бир эле патент менен мигранттарга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жактырды

Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург жана Ленинград облусунда мындай норма иштей турган болду.
Совет Федерация пленардык жыйынында Россиянын бир аймагында патент алган мигранттарга кошуна аймакта да иштөөгө уруксат берген мыйзамды жактырды. Жаңы норма Москва менен Москва облусуна, ошондой эле Санкт-Петербург жана Ленинград облусуна тиешелүү болот.
Документке ылайык, Россиянын бир субъектисинде патент алган чет өлкөлүк жарандарга экинчи субъектиде да иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет, ал эми жумуш берүүчүлөргө башка субъектиде патент алган чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартууга укук берилет. Мындай чет өлкөлүк адистерди тартуунун милдеттүү шарты катары тиешелүү субъекттердин ортосунда визасыз келген мигранттардын патент негизинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тууралуу келишим болушу талап кылынат.
Мыйзам Москва жана Москва облусунун жогорку кызмат адамдарына, ошондой эле Санкт-Петербург менен Ленинград облусунун жогорку кызмат адамдарына аймактык эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган коэффициенттин өлчөмүнүн келишимдин мөөнөтү бою бирдей болушу жана патентте чет өлкөлүк жарандын кесиби көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөнү боюнча чечимдин болушу шартында келишим түзүүгө укук берет.