Слуцкий визасыз мигранттарды жылдын аягына чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендирүүнү сунуштады
Фото: РИА Новости/ Алексей Куденко
ЛДПР лидери «алар тууралуу маалымат көзөмөлдө экенин билген зыяратчылар жок дегенде өзүн сабырдуураак алып жүрүшөт» деп эсептейт
ЛДПРдин лидери Леонид Слуцкий Россияга визасыз кирген бардык мигранттарды жылдын аягына чейин Госуслуги RuID тиркемесинде биометрикалык каттоодон өтүүнү талап кылууну сунуштады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине парламентарий билдирди.
Визасыз кирген бардык мигранттар биометрикалык маалыматтарын жылдын аягына чейин «Госуслуги RuID» аркылуу тапшырышы керек». Эч кандай шылтоосуз. Өткөн жок-демек, Россияда кылаарга иши жок. Мөөнөтү аяктагандан кийин, өз эсебинен автоматтык түрдө депортациялоо жана узак мөөнөткө кирүүгө тыюу салуу», - деди Слуцкий.
Ал Россияга кирген мигранттар үчүн милдеттүү биометрика 1-июлдан тарта күчүнө киргенин, ошол эле учурда өлкөдө мурда визасыз кирген миллиондогон адамдар бар экенин эске салды. «Миллиондогон четен келген адамдар бул жерде жашашат. Бизге алар тууралуу маалымат керек эмеспи? Негизги коркунуч дал ушул көзгө көрүнбөгөн адамдардан келип чыгат. Көптөгөн жылдардан бери өлкөбүзгө биз аз билген адамдар келишет», - деп баса белгиледи депутат.
ЛДПРдин лидери «алар тууралуу маалымат көзөмөлдө экенин билген зыяратчылар жок дегенде өзүн сабырдуураак алып жүрүшөт» деп эсептейт. «Ошентип, биз укук коргоо органдарына көчөдөгү тартипти калыбына келтирүүгө жардам беребиз. Ошондуктан ЛДПР Россиянын ар бир аймагында мигранттардын жүз пайыздык эсеби болушун каалайт», - деп жыйынтыктады ал.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее