Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу мөөнөтү бүттү
Фото: РИА Новости/ Александр Кондратюк
Россияда чет элдик жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу мөөнөтү бүттү, бул тууралуу тиешелүү документ укуктук маалымат порталында жарыяланды
Президент Владимир Путин апрелде мыйзамсыз келген жана жарандыгы жок адамдарга укуктук статусун жөнгө салуу же өлкөдөн чыгуучу мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Мурдагы мөөнөт 30-апрелге чейин белгиленген болчу.
Ички иштер министрлигинин миграция кызматы 11-сентябрдан баштап укуктук абалды жөнгө салуу мүмкүн болбой каларын белгиледи. Ошол күндөн тартып Россиядан чыгартуу процедурасына чейин ар бир адамга айрым укуктарды чектөө чаралары колдонулат, анын ичинде өлкөгө кирүү укугуна.
«Укуктук статусун жөнгө салбаган, ошондой эле 90 күндөн ашык болуу мөөнөтүн (2025 - жылдын 1 - январынан бери Россияда болгон бардык сапарлар эсептелет) узартпаган чет элдик жарандар 11-сентябрга чейин өлкөдөн чыгууга милдеттүү», - деп айтылат билдирүүдө.
Россияда 5-февралдан тартып мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга каршы депортациялык миграциялык режими күчүнө кирди. Алар көзөмөлдөлүүчү жарандар реестрине киргизилет.
Депортациялык режим мыйзамсыз мигранттардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин чектөөнү карайт. Алар, өзгөчө, төмөнкүлөрдү жасай алышпайт:
Ички иштер органдарынын уруксаты жок жашоо же болуу жерин алмаштыра албайт;
Жашаган аймагынан чыгууга уруксат жок;
Унаа башкарууга тыюу салынды;
Мүлк сатып ала албайт;
Турак-жайды кадастрга каттай албайт;
Банктык амалды ача албайт жана башка банк операцияларын жасай албайт.
Көзөмөлдөлүүчү жаран белгиленген убакытта ички иштер органдарынын кызматкерине тийиштүү чакыруусун алса барышы керек жана мыйзамда көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактоосу зарыл.
Бул талаптарды эки же андан көп жолу бузган чет элдик жаран депортацияланышы же ИИМдин аймактык органынын атайын жайына жайгаштырылышы ыктымал.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее