Россияда мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу режими күчүнө кирди

Фото:РИА Новости/ Владимир Астапкович

Россияда өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге карата өлкөдөн чыгаруу режими 5-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги эскертти.

Мигранттарды чыгаруунун жаңы укуктук режимин белгилөө боюнча федералдык мыйзамга былтыр августта Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Бардык мыйзамсыз мигранттар депортацияланганга же Россиядан өз алдынча чыгып кеткенге чейин же алардын өлкөдөгү укуктук статусу жөнгө салынганга чейин көзөмөлдөнгөн адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш.

Бул реестр Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин сайтында жайгаштырылат жана эркин жеткиликтүү болот. Бул сайттан кызыкдар жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жаран тууралуу маалымат ала алышат.

Чыгаруу режими мыйзамсыз мигранттардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин чектөөнү карайт.

Мисалы, алар ички иштер органынын уруксаатысыз жашаган жерин алмаштыра албайт, аймактын чегинен тышкары чыга албайт, унаа айдай албайт, банктык операцияларды жүргүзө албайт, мүлккө ээ боло албайт. Ошондой эле, көзөмөлдөнгөн чет элдиктер Россияда никеге тура алышпайт.

Мыйзам бузуулар кайталанса, мигрант Ички иштер министрлигинин аймактык органынын атайын мекемесине жайгаштырылып, андан соң Россиядан чыгарылат.

Башка жаңылыктар
Задать вопрос