Орусияда мигранттар үчүн жаңы мамлекеттик алымдар киргизилди

Фото: РИА Новости/ Нина Зотина

Тиешелүү өзгөртүүлөр Салык кодексине киргизилди

1-сентябрдан тарта Россияда кошумча мамлекеттик алымдар, анын ичинде каттоого, миграциялык каттоого жана иштөөгө уруксат алууга байланыштуу төлөмдөр киргизилген. Тиешелүү өзгөртүүлөр Россия Федерациясынын Салык кодексине киргизилип, 1-сентябрдан тарта күчүнө кирди.

Ошондо, миграциялык көзөмөлдү күчөтүү максатында бир катар кошумча төлөмдөр киргизилүүдө, анын ичинде чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга патент берүү же узартуу үчүн – 4200 рубль, иштөөгө уруксаттын мөөнөтүн узартуу үчүн – 4200 рубль. Ошондой эле эмгек уруксатынын дубликатын берүү, мигранттын же жарандыгы жок адамдын иштөөгө уруксатында, патенттин дубликатында камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым киргизилди. Анын көлөмү 2100 рубль түзөт.

Мындан тышкары, чет элдик жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксаттын дубликатын берүү, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн - 2100 рубль, чет өлкөлүк жарандын Орусия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн - 1000 рубль, ал эми жүргөн жери боюнча каттоо үчүн - 500 рубль өлчөмүндө мамлекеттик алым киргизилди.

Бийлик мамлекеттик алымдарды жаңыртуу мигранттарды өздөрүнүн документтерине жана алардын жарактуу мөөнөтүнө жоопкерчиликтүү болууга түрткү берет деп күтүүдө.

Башка жаңылыктар