Москвага жумушка келген мигранттар атайын мобилдик тиркеме аркылуу катталууга мүмкүнчүлүк алышат

Россияга визасыз тартипте келген чет элдик жарандарды көзөмөлдөө жана эсепке алуу үчүн кошумча механизмдерди киргизүү боюнча эксперименттин алкагында жаңы эрежелер киргизилет
Москванын аймагына эмгек иштери үчүн келген чет элдиктер 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып атайын мобилдик тиркеме аркылуу катталууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Россия ИИМдин ГУВМ расмий Telegram-каналында кабарланды.
Башкармалыктын түшүндүрмөсү боюнча, жаңы эрежелер визасыз келген чет элдик жарандарды кошумча көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин киргизүү максатында эксперимент катары ишке ашырылат. Эксперимент 1-сентябрдан башталат. Мигранттар "Сахарово" көпфункциялуу миграциялык борборунда милдеттүү миграциялык процедуралар — датилоскопия жана сүрөткө түшүү учурунда эсепке коюлушат. Андан соң чет элдик жарандар атайын мобилдик тиркемени QR-код аркылуу жүктөп, өзүнүн так жайгашкан жерин билдириши керек. "Датилоскопия жана сүрөткө түшүү процедураларын ГБУ Москва ММЦ "Сахарово" борборунда өткөндөр үчүн аталган уюмга кайрылуу милдеттүү эмес. Мобилдик тиркеме аркылуу каттоо алыстан жүргүзүлүшү мүмкүн", — деп билдиришти ГУВМде.
Мигрант жайгашкан дарек өзгөрсө, ал үч жумушчу күндүн ичинде ИИМдин аймактык органы аркылуу тиркемени колдонуп маалымдоого милдеттүү. Ошентип, 1-сентябрдан тартып экспериментке катышуучуларга жалпы миграциялык эсепке каттоо эрежелери колдонулбайт, мейманканаларда, хостелдерде, медициналык жана социалдык мекемелерде жайгашкан учурлардан башка.