Москвада 1-сентябрдан баштап мигранттар ооруканада болушканын мобилдик тиркеме аркылуу билдирбешет

Фото: РИА Новости/ Валерий Мельников

2025-жылдын 1-сентябрынан тарта Москва жана Москва облусунда эмгек мигранттары үчүн жаңы эксперимент башталат

Бул эксперименттин алкагында ооруканада же мейманканада жайгашкан чет элдик жарандар өздөрүнүн жайгашкан жерин тиркеме аркылуу билдирбөй калышат. Муну миграция кызматы маалымдады.

Миграция кызматынан билдиришкендей, мейманканада, санаторийлерде жана медициналык мекемелерде кызматкерлер чет өлкөлүк жарандардын келишин жана кетишин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө жана тартипте кабарлоого милдеттүү. Ошондуктан ооруканаларда же мейманканаларда болгондо чет элдик жарандар тиркеме аркылуу өздөрүнүн жайгашкан жерин билдирүүгө тийиш эмес.

2025-жылдын 1-сентябрынан тарта Москва аймагында Россияга визасыз келген эмгек мигранттарын эсепке алуу боюнча жаңы механизмдерди колдонуу үчүн эксперимент ишке кирет. Бул миграциялык эсептөөнү реформалоонун маанилүү кадамы болуп, кагаз түрүндөгү каттоо бланктарын жоюуга багытталган.

Эксперименттин жүрүшүндө мигранттар атайын мобилдик тиркемени жүктөп алышы керек. Бул тиркеме алардын так кайда экенин автоматтык түрдө билдирет.

Башка жаңылыктар