Мектеп экзамендерин тапшыра албай калган мигрант балдардын ата-энелерине Ички иштер министрлиги чара көрүшү мүмкүн

Рособрнадзордун жетекчиси Анзор Музаев административдик жаза тууралуу сөз болуп жатканын тактады.
Мигранттардын балдары мектепке кабыл алуу үчүн орус тилин билүү тестинен өтпөй калса, кайра аракет кылууга укуктуу, бирок ал дагы ишке ашпай калса, ИИМ өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн алардын ата-энелерине чара көрүшү керек. Бул тууралуу Рособрнадзордун жетекчиси Анзор Музаев Петербург эл аралык юридикалык форумунун сессиясында билдирди.
«Механизм мындай: эгер алар дагы эле мектепке баргысы келсе, анда үч айдын ичинде өз каражатына ата-эне катары баласын окутуп, курстарды таап бериши керек. Алардын аракет кылууга укугу бар. Ички иштер министрлиги бардык балдар тууралуу маалыматты мектепке жөнөтөт, ал эми Ички иштер министрлигинин жергиликтүү органдары ата-энелерге көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү; эгерде бала үч айдан кийин тапшырбаса, анда алар балага эмес, чоңдорго өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн чара көрүшү керек», - деп, бул административдик жаза экенин белгиледи.
Рособрнадзор мигранттардын балдары үчүн тестирлөө өткөрүү көзөмөлүн жеңилдетпейт, деп баса белгиледи Музаев. "Биз бул процесске мониторинг жүргүзүп жатабыз, көзөмөл алсырабайт. Бул жерде эң башкысы - биз мурда бойго жеткен мигранттар менен кетирген катачылыкты кетирбешибиз керек, көптөгөн даректер бар (экзамен өткөрүүгө укугу бар уюмдардын, анын ичинде коммерциялык да - ТАССтын билдирүүсү). Бул жерде мугалимдерге жана мектеп директорлоруна басым болбошу үчүн Рособрнадзор менен Билим берүү министрлиги көзөмөлдү күчөтпөшү керек"», - деп түшүндүрдү ал.