ИИМ РФ 772 миңден ашуун мигранттын маалыматын көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизгенин билдирди

Фото: РИА Новости/ Наталья Селиверстова

Россияда мыйзамдуу негиздерин жоготкон чет элдик жарандар бул реестрге киргизилет

2025-жылдын 3-июнуна карата Россиянын көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 772 миңге жакын чет элдик жаран тууралуу маалымат киргизилген. Бул тууралуу Россия Федерациясынын ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Виталий Яковлев билдирди.

Реестрге Россияда болууга мыйзамдуу негизин жоготкон чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар киргизилет. Баштапкы жарлыкка ылайык, алар 30-апрелге чейин өздөрүнүн жүрүү статусун мыйзамдаштырып же өлкөдөн чыгып кетиши керек болчу. Бирок, 28-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин бул мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты.

«3-июнга карата көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 772 миңге жакын чет элдик жаран тууралуу маалымат киргизилген. Ошол эле учурда, бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн укуктук макамын жөнгө салуу үчүн 80 миңден ашуун чет элдик жаран кайрылды, бул реестрде турган адамдардын болжол менен 10,5%ын түзөт», – деди Яковлев «Тынчтык, туруктуу өнүгүү жана миграция» аттуу эл аралык конференцияда сүйлөп жатып.

Яковлев белгилегендей, ички иштер органдарына эң активдүү кайрылып жаткандар – Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Армениянын жарандары. «Тилекке каршы, башка мамлекеттердин өкүлдөрү анчалык активдүү кайрылышпайт. Ошондуктан, президенттин жарлыгынын мөөнөтү аяктаганга чейин бул адамдар Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө мажбур болушу мүмкүн деген чоң тынчсыздануубуз бар», – деп жыйынтыктады ал.

Башка жаңылыктар
Задать вопрос