ИИМ февраль айында мыйзамсыз мигранттардын ачык электрондук реестрин ишке киргизет

Орусиянын Ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга бир катар мамлекеттик кызматтар жеткиликсиз болорун белгиледи.
Россия Федерасиясында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн ачык электрондук реестри 5-февралдан тарта иштей баштайт. Реестр ишке киргенден баштап күн сайын жаңыланып турат. Бул тууралуу Россиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой Луганск Эл Республикасынын Луганск шаарында облустук ички иштер министрлигинин миграциялык башкармалыгынын калыбына келтирилген имаратынын ачылышында билдирди.
«Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан тартып [РФ] Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун базасында Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын реестри иштей баштайт. Бул реестр чет өлкөлүк жаран менен эмгек келишимин түзүүгө ниеттенген иш берүүчүлөр, бардык жеке ишкерлер, Россия Федерациясынын жарандары үчүн ачык болот. Алар бул базага интернет аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат - бул ачык база болот - жана чет өлкөлүк жарандын Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу экендигин текшерип, андан кийин гана мыйзам менен иш берүүчүгө аны менен эмгек келишимин түзүүгө укук берилет» — деди ал.
Горовой Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарга бир катар мамлекеттик кызматтар, анын ичинде никеге туруу жана ажырашуууу, банктык кызматтар, транспортту башкаруу жана каттоо, авиа жана темир жол билеттерин сатып алуу жеткиликсиз болуп калаарын белгиледи. Анын айтымында, бул «биздин өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүргөн жерин жарыктандырууга алып келет».