Дмитрий Медведев: наркотик колдонгон мигранттарды Россиядан чыгарып жиберүү керек
РИА Новости/Екатерина Штукина
Россиянын Коопсуздук кеңешинин орун басары Дмитрий Медведев мигранттардын наркотик колдонгондорун жана кооптуу инфекцияларга чалдыккан адамдарды Россиядан чыгарып жиберүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал миграциялык мыйзамдарды жакшыртуу боюнча өткөн жыйында билдирди.
«Миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдүн бири — кооптуу инфекциялар менен ооруган же наркотик колдонгон чет элдиктердин абалы. Алардын Россиядан чыгарып жиберилиши керек», — деди Медведев.
Ал мындай чаралар россиялыктардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга жана наркомания, кылмыштуулук менен күрөшүүгө мүмкүндүк берерин айтты. Медведев ошондой эле наркотиктерге көз каранды мигранттардын Россияда калуусуна жана жарандык алууга жол бербөө механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее