Чет элдиктер ruID тиркемесин ыктыярдуу негизде толтурушат

Фото: РИА Новости/ Евгений Епанчинцев

Элчилик: чет элдиктер ruID аркылуу кирүү арызын ыктыярдуу беришет

Россияга кирүү үчүн арыз тапшыруу жана өлкө аймагында мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берген жаңы ruID мобилдик тиркемесин толтуруу ыктыярдуу мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«2024-жылдын 7-ноябрындагы Россия Өкмөтүнүн №1510 токтомуна кошумча түрдө маалымдайбыз: Россия бийлиги ruID тиркемесин колдонуу менен Россия Федерациясына кирүү арызын эксперимент катары ыктыярдуу негизде толтуруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат элчиликтин Telegram-каналындагы билдирүүдө.

Элчиликтин басма сөз кызматы тактагандай, арыз толтурулбагандыгы чек ара көзөмөлүнө таасир этпейт жана кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт.

2024-жылдын 1-декабрынан тарта Россияда чет элдиктердин чек арадан өтүүдө биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент өтүп жатат. Биринчи этап Москвадагы «Шереметьево», «Домодедово», «Внуково», «Жуковский» аэропортторунда жана Оренбург облусундагы «Маштаково» авто өткөрмө пунктунда өтүүдө, бул жерлерде чет элдиктерден бетинин сүрөтү жана манжа издери алынат.

Экинчи этап 2025-жылдын 30-июнунда башталат, андан кийин бул режим бардык мамлекеттик чек ара өткөрмө пункттарында иштей баштайт. Чет элдик жарандар Россияга баруу тууралуу маалыматты ruID тиркемеси аркылуу өз алдынча бере алышат.

Башка жаңылыктар