Чет элдик жарандар Россия Федерациясында манжа изин тапшырып, медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин патентсиз иштей алышат

Россиянын президенти Владимир Путин жарлыкка кол койгон, жарлыкка ылайык, чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар Россия Федерациясында патентсиз иштей алышат, эгерде алар манжа изин жана баңги заттарына жана коркунучтуу жугуштуу ооруларга медициналык текшерүүдөн өткөн болсо.
Укуктук маалыматтын расмий интернет-порталында жарыяланган документте “Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органында колунун манжаларынын (алакандарынын) изи менен инсанды идентификациялоодон өткөн шартта, Россия Федерациясына иштөөгө уруксатысыз же патентсиз жана визиттин билдирилген максатына карата талаптарды эске албастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу” деп аныкталган.
Дагы бир шарты – “баңги каражаттарын же психотроптук заттарды дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонуунун же жаңыдан пайда болгон потенциалдуу кооптуу психоактивдүү заттардын, башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн медициналык кароодон” өтүүдө.
Мындай ооруларга, жарлыка жараша АИВ кирет.