2022-жылдын январынан тарта Москвада мигранттар үчүн патенттин баасы 5900 рублга чейин көтөрүлөт
Фото с сайта Migrant-mobile.com.
Москва бийлиги 2022-жылы эмгек мигранттары үчүн патенттин баасын – айына 5341 рублдан 5900 рублга чейин көтөрөт. Бул тууралуу Москва мэринин расмий сайты Mos.ru билдирди. Москва өкмөтүнүн министри, Экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кирилл Пуртовдун айтымында, 2022-жылдан тарта Россиянын борборунда эмгек рыногунун аймактык өзгөчөлүктөрүн чагылдырган коэффициент жогорулайт, анын негизинде патенттин баасы эсептелинет. 2,3878ден 2,4832ге чейин өсөт.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее