Фото: РИА Новости/Максим Богодвид
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Москвадагы мекендештердин диаспораларына менен коомдук бирикмелерине ведомствонун миграция жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Жолугушуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук ишмерлердин, «Мегаком»компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Россия Федерациясындагы кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттешүү тууралуу сөз болду. Жаңыл Алыбаева эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн камсыздандыруу, миграциялык каттоого туруу жол-жоболору, «жүк-200» репатриациясы, айлыкты төлөбөө, Россиянын атайын мекемелеринде кармалган жарандардын укуктарын коргоо боюнча кайрылуулар боюнча суроолорго жооп берди. Мегакомдун башкы директорунун биринчи орун басары А.Каныбеков эмгек мигранттарынын Кыргыз Республикасына акча которуу маселелери боюнча «MegaPay» тиркемесин сунуштады.