Фото: РИА Новости/Алексей Майшев
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Россиядагы мекендештердин диаспоралык уюмдарына жана КРнын Эмгек министрлигинин РФдагы коомдук өкүлдөрү үчүн эмгек миграциясы маселелери боюнча окуу өткөрдү. Семинардын катышуучуларына чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан чыгымдар кантип жабыларын түшүндүрүштү. Миграциялык каттоого туруу жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүү тартиби, милдеттүү медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүү, ишке орношуу жана эмгек келишимдерин түзүү, «кара тизмеге» киргизүү, эмгек талаш-тартыштары, иш берүүчү тарабынан эмгек акы төлөнбөй коюу маселелери, социалдык камсыздоо жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүк, РФнын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр/түзөтүүлөр боюнча маселелер талкууланды. Коомдук өкүлдөрдүн көңүлү «Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы коомдук өкүлдөрү жөнүндө» жобонун талаптарын жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз ишмердүүлүгүндө жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын жана жалпы кабыл алынган эрежелерин, каада-салттарын милдеттүү түрдө сактоого бурулду.