Фото: ТАСС/ Донат Сорокин
Рособрнадзор беш университетке чет өлкөлүктөр үчүн орус тилинен экзамен тапшыруу жана аларга тиешелүү сертификаттарды берүү талаптарын бузууга жол берилбестиги тууралуу эскертүү жөнөттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү эскертүүлөр Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университетине (РУДН), Санкт-Петербург мамлекеттик университетине (СПбГУ), А.С. Пушкин атындагы Орус тили мамлекеттик институтуна, А. И. Герцен атындагы Орус мамлекеттик педагогикалык университетине (РМПУ) жана Псков мамлекеттик университетине (Псков) жөнөтүлдү.