Фото РИА Новости-Михаил Воскресенский.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында чет элдик жаранды турак жайга убактылуу каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп кабарланат Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык маалымат министрлигинин Telegram каналында. «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында жаңы кызмат пайда болду, анын жардамы менен үй ээси чет өлкөлүк жаранды өз үйүнө убактылуу каттай алат», — деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, үй ээси мыйзам боюнча ИИМге анын үйүндө чет өлкөлүк жаран жашап жаткандыгын билдирүүгө милдеттүү. Ошондой эле мейманканалар дагы. Бул жашаган жери боюнча убактылуу каттоо болуп саналат. Ведомство ИИМге конок келген күндөн тартып жети күндүн ичинде кабарлоо керектигин, антпесе чет өлкөлүк жаран да, үй ээси да айып пул төлөшү мүмкүн экенин түшүндүрдү. Буга чейин бул үчүн почта бөлүмүнө, КФБга же ИИМ бөлүмүнө барыш керек болчу.