Федералдык улуттар иштери боюнча агенттиги орус тилин билбегендик Россия Федерациясындагы мигранттарды анклавдык жашоого алып келерин билдирди

Фото: Сергей Булкин/NEWS.ru

Орус тилин билбөө Россияга келген мигранттарды жабык микро топтордо жашоого алып келет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында Федералдык улуттар иштери боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Станислав Бедкин билдирди.

"Адаптация [мигранттардын] мамлекеттин катышуусуз ишке ашышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн, бирок анда мигрант мыйзам чегинен чыгып кетишине кепилдик бар. Ал криминалдык чөйрөгө кабылып, жабык микрогруппада жашай баштайт, мына анклав ушитип түзүлөт. [Орус] Тилди билбөө автоматтык түрдө ушундай кесепеттерге алып келет, ошондуктан социалдык-маданий адаптация маселелери биз үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет ", деди ал. Бедкиндин айтымында, Орусия мигранттарды кабыл алган эң алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирет. "Бизге келген чет элдик жарандардын көбү <...> Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдөн келишет", деп кошумчалады Федералдык улуттар иштери боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары.

Источник

Башка жаңылыктар