Россияга эмгек мигранттарынын агымы 2022-жылдын өткөн айларында өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 30%га өстү, деп билдирди «Россия 24» телеканалы менен болгон маекте Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Игорь Баринов. Алсак, ал минтип белгиледи: "Пандемиядан кийинки мезгилде биз факт жүзүндө чет элдик жарандардын коронавируска чейинки көлөмдөрүнө чыгып жатабыз, жана 2021-жылга салыштырмалуу чет элдик жумушчу күчүнүн, биринчи кезекте, албетте, борборазиялык республикалардын өкүлдөрүнүн агымы 30%га көбөйдү",– андан соӊ иш жүзүндө бүткүл агымды үч өлкө – Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан камсыздап жатканын кошумчалады.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее