Фото: портал KABAR
Москвада кыргыз тилинде Третьяков галереясынын тарыхый имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Мекеменин сайтында маалымдалгандай, экскурсиялар айына бир жолу, айдын үчүнчү ишембисинде болуп турат. Уюштуруучулардын айтымында, Третьяков галереясынын залдарында сейилдөө учурунда музейдин тарыхы менен таанышасыз, галереянын негиздөөчүсү П.М. Третьяков жөнүндө маалымат аласыз жана XVIII кылымдын башынан XIX-XX кылымдардын аягына чейинки орус искусствосунун тарыхынын өнүгүүсүнүн негизги этаптарын атактуу сүрөттөрдөн байкай аласыз. Сизди В.Л. Боровиковскийдин, А. А. Ивановдун, В.М. Васнецовдун жана В.А. Серовдун көрүнүктүү чыгармалары күтөт. Сейилдөө 2019-жылдан бери Третьяков галереясында ишке ашырылып келе жаткан «Маданий интеграция» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана миграцияда тажрыйбасы бар адамдарга багытталган. Экскурсовод: Асипа Жумалиева – мугалим, лингвист, “Аялдар диалогу” Эл аралык тынчтыкты орнотуу кыймылынын кеңешчиси, «Гараж» заманбап искусство музейи менен биргеликте ишке ашырылган, миграциялык тажрыйбасы бар экскурсоводдорду даярдоо курсунун бүтүрүүчүсү.