Фото: РИА Новости/ Илья Питалев
Совет Федерациясы мигрант балдарын орус тилин билбегендиктен мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.
Мектепке кабыл алуу үчүн орус тилин билүү боюнча акысыз тестирлөөдөн өтүү керек. Тесттен өтпөгөндөр билим алууга допус берилбейт.
Тесттин материалдарын, баалоо критерийлерин жана минималдуу баллды аныктоо милдети Рособрнадзорго жүктөлөт.
Ошондой эле, Россияда мыйзамсыз жүргөндөрдү мектепке кабыл алууга тыюу салынат.
Эгер мыйзам кабыл алынса, жаңы талап 2025-жылдын 1-апрелинде күчүнө кирет.
Совет Федерациясынын төрайымы Валентина Матвиенко мыйзам долбоорун комментарийлеп, ал тыюу салуучу мүнөзгө ээ эместигин белгиледи. «Эгер бала биринчи класска же башка класска келип, орус тилин билбесе, ал толук билим ала албайт. Ошондуктан, билим алууга даярдоо үчүн тестирлөө киргизилет,» — деди ал.
Саясатчы орус тилин билбеген балдардын мугалимдер үчүн чоң кыйынчылык экенин баса белгиледи.