Фото: РИА Новости/Михаил Воскресенский
Россияда чет өлкөлүктөргө берилген жумушка уруксат кагаздарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматы тастыктайт. Өткөн жылы 95 миңден ашык мигрантка патент берилген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,3 миңге көп. Бирок жогорку квалификациялуу жумушчуларга берилген уруксаттардын саны 46,6 миңден 32,7 миңге чейин азайган. 2023-жылы Москвада патенттин баасы 6,6 миң рублди түзөт.