Россия Федерациясынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү Сахароводогу миграциялык борборго барышты
Фото: muslim.ru.
13-октябрда РФМДБнын төрагасынын орун басары – Рафик Фаттахединов баштаган делегация Сахарово айылындагы МБМдин Көп функционалдуу миграциялык борборуна барды. Делегацияны КФМБнын башкы директору Сергей Балдин жана борбордун башка кызматкерлери тосуп алышты. Биздин басма сөз кызматы билдиргендей, РФМДБнын төрагасынын орун басары Рафик Фаттахетдинов Россия Федерациясынын аймагына мыйзамдуу узак убакытка калуу жана иштөө үчүн келген эмгек мигранттарынын бардык зарыл болгон юридикалык процедуралардан компетенттүү жана толук өтүүсү боюнча мамлекет жана коом үчүн маанилүү милдетти аткарып жаткан борбордун жамаатына Муфтий Шейх Равил Гайнутдиндин жылуу саламын жолдоду.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее