Россия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уламалар кеңеши мусулмандарга акцияларды сатып алууга жана сатууга уруксат берди

Фото:© РИА Новости / Владимир Песня.

Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уламалар Кеңеши кезектеги жыйынында мусулмандарга ар кандай компаниялардын акцияларын сатып алууга жана сатууга уруксат берүү боюнча фатва кабыл алынды. Бул тууралуу бейшемби күнү Россия Федерациясынын мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ильдар Аляутдинов билдирди.

«Мусулмандардын акцияларды сатып алуу-сатуу боюнча фатванын маңызы баалуу кагаздар рыногунда компаниянын үч түрү бар. Биринчиси, алардын ишмердүүлүгүнө шарият (ислам мыйзамдары) уруксат бергендиги жана динге ишенгендер мындай акцияларды соодалоого укуктуу. Экинчиси, мусулмандарга ишмердүүлүгүнө тыюу салынган компаниялар, мисалы, кумар жана оюн бизнеси, спирт ичимдиктери, чочконун эти менен байланышкан бизнес ж.б. Калгандары аралаш компаниялар. Алар негизинен шарият уруксат берген ишмердүүлүк менен алектенишет, бирок, мисалы, кээде салттуу банктардын сүткорлук насыяларына кайрылууга аргасыз болушат. Мындай компаниялардын акцияларын сатып алууга жана сатууга биздин расмий булактарда жарыялана турган фатвада жазылган бир катар шарттарды сактоо менен уруксат берилет», – деди Аляутдинов.

Источник