Россиянын жарандарынын Өзбекстанда жана Өзбекстандын жарандарынын Россияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 15 күнгө чейин узартылганын "Дуне" маалымат агенттиги 8-июнда билдирди. Россия менен Өзбекстандын ортосундагы жарандардын өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу келишим 4-июндан тарта күчүнө кирди. Келишимге 2021-жылдын май айында Москвада жана 2021-жылдын июнь айында Өзбекстанда кол коюлган. Болуу мөөнөтү өлкөлөрдүн аймагына кирген күндөн тартып эсептелет. Кирген күнү миграциялык картада же паспортко катталат.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее