Россиянын Президенти Владимир Путин Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Бариновдун мигранттар үчүн адаптациялык борборлорду түзүү жөнүндө идеясын колдоду
"Дараметтүү мигранттардын мекенинен эле баштоо керек",– деп баса көрсөттү Путин Бариновдун мигранттарды мейкиндиктик жана социалдык бөлүп коюуга жол бербөө боюнча чаралардын жаӊы комплекси жана бул ишмердүүлүктү коомдук, диний уюмдарды тартуу менен күчтөнтүү зарылдыгы жөнүндө сөздөрүнө жооп кылып. Путиндин сөздөрү боюнча башка өлкөлөрдөгү кесиптештери буга макул жана кошо иштешүүгө даяр. "Мен көптөгөн кесиптештерим менен сүйлөшөм, көптөрү кошулушту, бизге бул жаатта жөн гана көбүрөөк активдүүлүк көрсөтүү керек. Тескерисинче, Өзбекстанда, Тажикстанда, Кыргызстанда – сураныч, алар бардыгы муну канааттануу менен жасашат. Бизге болгону ал жакта өзүбүздү активдүүрөөк алып жүрүү керек, алар керек болсо ушуга кызыкдар. Алар адамдар мекенинен кетип жана бизге келип жатышканда, ыӊгайлашкан болууга тийиштиги, биздин маданиятыбызды, тилибизди, орус мыйзамдарын билүүгө тийиштиги жөнүндө эӊ сонун билишет. Албетте",– деп айтты президент.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее