Россиянын Ички иштер министрлиги миграциялык мыйзам бузуулар үчүн жеке адамдарга айып пулду көбөйтүүгө чакырды

Фото: РИА Новости/ Игорь Агеенко

Ведомстводон белгилешкендей, административдик укук бузуулар үчүн айып пулдун 18-главасында каралган негизги өлчөмдөрү 2007-жылы белгиленген жана өзгөргөн эмес.

Россиянын ИИМи миграцияга байланыштуу мыйзам бузууларды жасаган адамдарга айып пулду көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады. «Федералдык мыйзамдын долбоору 18 бөлүмүндө, ошондой эле Административдик укук бузуулар кодекстин 20.25-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган айрым административдик укук бузуулар үчүн жеке жактарга айыптарды көбөйтүүнү карайт» — ТАСС карап чыккан закондун долбооруна тушундурмө катта айтылган.

Источник