Россиянын бийликтери курулуштардагы мигранттардан толук баш тартууну колдошкон жок
Фото: humphery/shutterstock
Россиянын курулуштарындагы мигранттардын жумушчу күчтөрүнөн толук баш тартууга жол берүү мүмкүндүгү тууралуу азыр айтуу татаалыраак, деп белгилешти Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллиндин аппаратында. Өлкөдөгү жумушчу күчтүн тартыштыгы курулуштун баасына таасир кылат деп билдирет "Известия". Мамдума куруучулардан сурамжылоону жүргүзүштү, ал эми жыйынтыктар, мигранттардын күчүнөн баш тарткан учурда турак-жайдын өздүк наркы 10-40% жогорулай тургандыгын тастыктады. Мамдумада, коронавирус пандемиясы жабык чекаралар учурунда Москвадагы, Санкт-Петербургдагы жана башка ири борборлордогу курулушту дээрлик токтотуп салгандыгын белгилешти.
"Азыркы кырдаалда мигранттарга толук тыюу чалуу, маңызы боюнча, курулуштун токтоп калуусуна, куруучулардын жарандар алдындагы белгиленген мөөнөттөрдөгү милдеттенмелеринин аткарылбоосуна алып келет", - деп белгиледи Мамдуманын курулуш жана ТКЧ боюнча комитетинин мүчөсү Александр Якубовский.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее