Россиянын бийлиги Өзбекстандын мурдараак Россияга кирүүгө тыюу салынган 158 миң жаранына карата «миграциялык амнистия» тууралуу жарыялады. Амнистия соттун чечими боюнча чыгарылып кетирилгендерге тиешелүү эмес.
Фото: Сергей Пивоваров / РИА Новости.
Өзбекстандын Россиядагы элчилигинин сайтында «Россия ушул өлкөнүн аймагына кирүүгө мурдараак тыюу салынган Өзбекстандын 158 миң жаранына карата «миграциялык амнистия» тууралуу жарыялагандыгы» жөнүндө билдирүүнү чыгарылган... «Белгилей кетүү керек, берилип жаткан «миграциялык амнистия» Өзбекстандын Россиядан соттордун чечимдеринин негизинде мурдараак депортацияланган жарандарына тиешеси жок» — деп айтылат билдирүүдө... Элчиликте ошондой эле, Россиянын ИИМинин атайын пилоттук долбоорунун алкагында Ташкент менен биргеликте 18-октябрдан тартып долбоор аркылуу иштеп келүү үчүн Россияга барууну пландаштырып жаткан 10 миң өзбек ишке уруксатты (патент) Өзбекстандын аймагынан чыгып кеткенге чейин тариздетип ала турган механизм ишке киргизиле тургандыгын билдиришти. https://www.rbc.ru/society/13/10/2021/61673bed9a7947b9b5dccd71
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее