Артем Петров/Фото:sputnik.kg
2023-жылдын октябрь айынын аягынан тарта кыргызстандыктар Россияда миграциялык каттоого мыйзамдуу түрдө билдирме каттоосу аркылуу өтө алышат. Республикада бул кабар «маанилүү»деген белги менен таратылды. Эмне үчүн? Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын ноябрынан тарта Россиядагы Кыргызстандын жарандары «өзүнүн жана жашы жете элек балдарынын убактылуу жашаган жерине келгендиги тууралуу миграциялык каттоо органдарына электрондук формада өз алдынча кабарлоо» укугуна ээ болушат. Бул үчүн кыргызстандыктар жана турак жай ээлери “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (функциялардын) бирдиктүү порталы” системасында өздүк кабинеттерге ээ болушу керек жана «Электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу маалыматтык системалардын маалыматтык-технологиялык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу инфраструктурада идентификациялоонун жана аутентификациянын бирдиктүү тутумунда» катталууга тийиш.