Россиянын президенти Владимир Путин орусиялык мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап, алардын эл аралык тынчтыкты чыңдоого, маданий көп түрдүүлүктү сактоого жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого кошкон салымын белгиледи. Куттуктоо телеграммасы Кремлдин сайтында жарыяланды.
"Руханий баалуулуктарга таянуу менен орусиялык мусулмандар коомдогу эл аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, маданий көп түрдүүлүктү сактоого жана өлкөбүздүн артыкчылыктуу кызыкчылыктарын коргоого татыктуу салым кошууда", — деп айтылат куттуктоо текстинде. Орозо айт майрамы гуманисттик идеалдарды, такыбалыкты жана кайрымдуулукту кармануунун символу экендиги, «момундарды исламдын башаты, бардык дүйнөлүк диндердин негизин түзгөн бийик адеп-ахлактык багыттарга бурат» деп баса белгиленет.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее