Ар бир адам, улутуна карабастан, кылмышы үчүн жооп бериши керек, бир кишинин кылмышы үчүн бүтүндөй элди күнөөлүү деп айыптоого болбойт – деп билдирди журналисттерге РФнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Магомедсалам Магомедов. Ал белгилегендей, Москвада улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча көп иштер жүрүп жатат, бирок мегаполистерде тигил же бул улуттун өкүлдөрү тарабынан жасалган ар кандай кылмыштар ар дайым чоң резонанс жаратат жана Орусия жашоочуларынын 81%ы өлкөдөгү улуттар аралык мамилелердин абалына жагымдуу көрүнүш катары баа берерин эске салды Магомедов.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее