Россияга иштөө үчүн келген мигранттар, орус тилин билүүгө тийиш, андай болбогон учурда алар укуктук, социалдык жана коммуникативдик талаадан чыгып калышат. Бул тууралуу РФ президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча Кеңештин башчысы Валерий Фадеев жума күнү Бирдиктүү миграциялык борборду көчүрүү темасына арналган онлайн-конференцияда билдирди.
"Эгерде эмгек мигранты орус тилин билбесе, ал кепилденген түрдө россиянын коммуникациялык, укуктук, социалдык талаасынын тышкары калат, ал ушул эле улуттук талаада кала берет", - деп баса белгиледи Фадеев. Анын айтуусу боюнча, жарандардан миграциялык борбордун районундагы табличкалар жана көрсөткүчтөр орус тилинде эмес, мисалга алсак, тажик же өзбек тилдеринде жазылгандыгы тууралуу даттануулар келип түшүүдө.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее