Орусиянын прокуратурасы Өзбекстандан келген мигранттардын айлык акысын кайтарып берүүгө жардам берди
фото с бесплатного фотостока Pixabay
Орусиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өзбек мигранттарына жумуш берүүчүлөрдөн 5 миллион рубль өлчөмүндөгү айлык маяна карызын өндүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы белгилегендей, "Стройсервис" жана "Коч Констракшн" ишканаларында 152 чет элдик жаран иштейт. Алар тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин Москвадагы өкүлчүлүгүнө айлык маянанын кечиктирилиши боюнча маселени чечүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мекеменин өкүлдөрү өз кезегинде РФнын прокуратурасына, милициясына жана Тергөө комитетине кайрылышкан. Орусиянын күч түзүмдөрүнүн жардамы менен мигранттардын карызы өндүрүлгөн. Иш берүүчүлөргө карата кылмыш иши козголду. Азыр бул иш РФ ТК кароосунда.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее