Фото:Строительная газета
Курулуш тармагында иштеген жана миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн депортацияланган чет элдик жарандар Россияга кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Мындай сунушту Улуттук куруучулар бирикмесинин (НОСТРОЙ) президенти Антон Глушков билдирди.
«Менин оюмча, Россия Федерациясынын аймагынан депортацияланган чет элдик жумушчу күчүнө мунапыс берүү механизмин иштеп чыгууга убакыт келди», – бул тууралуу Антон Глушков Москвада журналисттер менен жолугушууда билдирди. НОСТРОЙдун президенти мигранттардын мыйзам бузуулары негизинен административдик мүнөздө болуп, айыптарды төлөбөгөндүгү же Россия Федерациясынын аймагында жүрүү режимин бузуу менен байланыштуу экенин белгиледи. Ошол эле учурда, чет элдик жумушчу күчү Россияда иштөө тажрыйбасына ээ жана өндүрүштүк көндүмдөрү бар жана өлкөнүн курулуштарында суроо-талапка ээ болот.