Москва шаарында КРнын РФдагы Элчилигинин колдоосу менен Көчмөндөр цивилизациясынын музейинин ачылышы болду
Фото: МИД Кыргызской Республики
2023-жылдын 17-апрелинде Москвада В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинин имаратында 1-Басман көчөсүндө Көчмөндөр цивилизациясынын музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын изилдөө жана жайылтуу аркылуу көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерди жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүн таанытууга багытталган долбоор 2023-жылдын 6-мартында Москва шаарында өткөн кыргыз-орус аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган Меморандумга ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган. Көчмөндөр цивилизациясынын музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, "чий курчак" улуттук куурчагын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүүчү жана маданий-агартуу иш-чаралары өткөрүлөт.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее