Фото: © Тимур Ханов/ПГ
Москвадагы мигранттарды көзөмөлдөө үчүн учурдагы мыйзамдык механизмдер жетиштүү. Мындай пикирин борбор калаанын аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү департаментинин жетекчисинин орун басары Кирилл Малышкин 7-июнда «Парламентская газета» басылмасынын басма сөз борборундагы тегерек столдо билдирди. Москвада чет өлкөлүк жарандардын шаарга келүүсүнө административдик тоскоолдуктар мыйзамдуу түрдө каралган эмес жана аларды киргизүүнүн кажети жок, деп эсептейт департаменттин өкүлү. Туруктуу кырдаалды сактоо үчүн көзөмөлдөөнүн колдонуудагы механизмдерин сапаттуу пайдалануу, ишке ашыруу практикасын кароо жана аларды өркүндөтүү жетиштүү. Мындай позицияга Мамлекеттик Думанын коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Выборный макул болду. «Эгерде биз контролдоо жана көзөмөлдөө жагынан жетишерлик эффективдүү болсок, анда чектөөлөр [киргизүүнүн] кереги жок» деди ал. Ири шаарлар, тескерисинче, чынчыл, ак ниет чет элдиктердин келип, өздөрүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна кызыкдар экенин парламентарий түшүндүрдү.