Автор Антон Размахнин/Фото: РИА Новости-Павел Лисицын
Москвада жүз миңдеген мигранттар жашашат жана иштешет – алардын көпчүлүгү Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалардын жарандары. Москвалыктар аларды борбор шаар тургундарына караганда кыйла жакыр жана «айылдык» адам катары кароого көнүп калышкан. Бирок акыркы жылдары көп нерсе өзгөрдү. «МКнын» кабарчысы Россиянын жарандыгы жок соода, турак-жай-коммуналдык чарба, тейлөө чөйрөсүндөгү жумушчулар менен жашоо тууралуу маек куруп, ынанды: азыр орто эсеп менен алар мегаполиске бир топ жакшы ыңгайланышкан.