Москвада 300дөн ашык кыргызстандык акысыз медициналык кароодон өттү
Фото: портал Bulak.kg
Москвада кыргызстандыктар үчүн акысыз медициналык кароо уюштурулду. Бул акциянын алкагында 5-август күнү 300дөн ашуун мекендештерибиз терапевт, окулист, хирург, травматолог, ортопед, педиатр, невропатолог, уролог, эндокринолог, ЛОР, гинеколог, дерматологдорго бекер кайрыла алышты. Редакцияга айткандай Bulak.kg долбоорунун жетекчиси, дарыгер Нурлан Текебаев Россиядагы кыргызстандыктар үчүн ушундай "ден соолук күндөрүн" туруктуу негизде өткөрүүнү пландап жатат. Акцияны миграция боюнча Кеңештин көмөгү менен "Фрунзе" медициналык борбору уюштурду.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее