«Нелегал» операциясынын алкагында ЖККУга мүчө өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Учурда алар Москвада өтүп жатканын Социалдык эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомство буга байланыштуу Россиянын борборунда текшерүүлөрдүн саны көбөйүп, ошого жараша административдик укук бузуулар боюнча кармалгандардын саны көбөйүп жатканын баса белгилейт. Социалдык эмгек министрлиги административдик жана башка жоопкерчиликке тартылбоо үчүн Россия Федерациясынын аймагына убактылуу келген Кыргызстандын бардык жарандарынан миграциялык документтерин (каттоо, эмгек келишими, КФБдагы процедуралар) мыйзамдаштырууну өтүнөт. Ошол эле учурда документтерди дайыма жанында алып жүрүү жана аларды полиция кызматкерлеринин талабы боюнча көрсөтүү сунушталат.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее