Фото: РИА Новости/ Кирилл Зыков
Москвада миграция мыйзамдарын сактоого көзөмөл күчөтүлөт.
Москва полициясы миграциялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жаңы чараларды сынайт, деп билдирет Москва агенттиги борбор калаанын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен.
Тактап айтканда, полиция мигранттарды электрондук ID – электрондук чип жана QR коду бар персоналдаштырылган пластикалык картасын текшере баштайт. Картада ээсинин толук аты-жөнү, туулган күнү, жынысы, жарандыгы, кол тамгасынын үлгүсү, ошондой эле картанын сериясы, номери жана жарактуулук мөөнөтү камтылат.
Басылманын маалыматы боюнча, бул инструментти тандап тестирлөө иштери башталды.
Картанын жардамы менен полиция кызматкерлери манжа изинин жана фотосүрөтүнүн жоктугу, төлөнбөгөн патент, административдик айып пул, издөөдө жүргөндүгү жана башка укук бузуулар тууралуу маалыматты биле алат.
«Эксперименттик мезгилде карта 14 жашка чыккан жана укуктук статусу боюнча көп функционалдуу миграциялык борборго кайрылган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилет», — — ИИМнен агенттикке айтып беришти.