Москвада Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна арналган футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү
Фото: МИД Кыргызской Республики
2023-жылдын 22-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна арналган футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Россияда жашаган мекендештер арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна арналган футбол боюнча мелдеш биринчи жолу уюштурулду. Кыргызстандын 40 районунан жана 8 шаарынан келген 48 футболдук команда бир айдын ичинде мыктыларды аныктады. Аны өткөрүүгө "Кыргызстан менен достук коому" автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдары активдүү колдоо көрсөтүштү.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее