Фото: РИА Новости/Илья Питалев
Москвада турмуштук оор кырдаалга кабылган кыргызстандык аялдар үчүн борбор ачылды. Бул тууралуу Москвадагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде кризистик борбордун расмий ачылышы болуп өттү. Кризистик борбордун ишмердүүлүгү Москвада жана Москва облусунда оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүүгө багытталган», – деп айтылат билдирүүдө. Ачылышка диаспора өкүлдөрү, эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөктөшүү борборунун кызматкерлери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын юристтери катышканын кошумчалашты.