6-апрелде Москвадагы Россия элдеринин үйүндө “Жаздын ыргагында” ("В ритмах весны") бий фестивалы өтөт. Фестивалга федералдык улуттук-маданий автономиялардын бий топтору жана Москванын алдыңкы топтору катышат, деп билдирет мекеменин Telegram каналы. Иш-чаранын максаты – улуттар аралык байланыш маданиятын өнүктүрүү жана Россиянын этномаданий ар түрдүүлүгүн сактоо. Фестивалга каттоодон өткөн бардык каалоочулар катыша алышат. Россиянын элдеринин үйүндө Россия Федерациясынын элдеринин улуттук маданияттарын жана тилдерин сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү менен алектенет. Мекеме көп улуттуу Россиянын маданийбаалуулуктарын калыптандырууга жана жайылтууга салым кошкон массалык иш-чараларды өткөрөт.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее