Москвадагы кыргыз диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук боюнча окутуу өткөрүлдү

Фото: РИА Новости/Алексей Майшев

Москва шаарындагы кыргызстандыктардын диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук жана социалдык адаптация боюнча окутуу өткөрүлдү. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү семинарды Россиянын борборунда аталган ведомствонун өкүлчүлүгү уюштурган. Бул жолугушууда кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен Москва облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Фаевская, ошондой эле Россиянын жарандардын конституциялык укуктарын коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү баарлашышты.

Маалыматта белгиленгендей, катышуучуларга Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери, чет өлкөлүк жарандардын эмгек укуктарын ишке ашыруусу, миграциялык мыйзамдарды сактоо жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн камсыздандыруу, билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, миграциялык каттоого туруу жол-жоболору, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн дактилоскопиялык каттоодон жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү маселелери козголду.

Источник